Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
05 фев 2024

ТОКТОМ № 162

Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Беловодск айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин аткарылышы бекитилсин:
-кирешелер боюнча 122 915,3миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча -6 896,9миң сом,чыгашалар боюнча -123 688,0миң сом, анын ичинде атайын эсеп боюнча – 6 482,0миң сом.
2.Беловодск айыл өкмөтү тарабынан каралган 2024-жылга бюджети бекитилсин:
- кирешелер боюнча – 116 870,3миң сом, чыгашалар боюнча -116 870,3миң сом, анын ичинде атайын – 7 677,1миң сом.
3.Беловодск айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү №1-тиркемеге ылайык кирешелердин булактары боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4.2025-жылга бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын болжолу 127 720,5 миң сом, 2026-жылга 141 149,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.Беловодск айыл өкмөтүнүн 2024-жылга 116 870,3миң сом суммасында чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, ал эми биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фонд,тамак-аш азыкты, дары-дармек каражаттары, социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр) аткарыла тургандыгы №2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
6.Беловодск айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2024-жылга карата штаттык расписание боюнча эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 5-августундагы №451 токтому менен бекитилген КТП, ТТП эске алуу менен 29 адам өлчөмүндө белгиленсин, №3- тиркеме.
7. Беловодск айылдык кеңешинин төрагасынын жана жооптуу катчысынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020–жылдагы №64 токтому менен бекитилген штаттык расписаниеге ылайык төлөнсүн, №4 –тиркеме.
8. Беловодск айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелерге 2024 –жылга чыгымдардын сметасын берүү жагы милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык 2024-жылы Беловодск айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр укук берилсин:
-чыгашалардын экономикалык классификациясынын статьяларынын ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө.
10. Бөлүмдөр боюнча чыгымдар:
- “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” – 19 131,1 миң сом, анын ичинде 2 100,0 миң сом – резервдик фонд, №5- тиркемеге ылайык
- “Айылдык кеңеш” – 1 324,4 миң сом ,№6- тиркемеге ылайык
- “Граждандык коргонуу” – 390,8 миң сом, №7 – тиркемеге ылайык
- “Айыл чарбасы”– 1000,0 миң сом, №8 – тиркемеге ылайык
- “Жайыт комитети “ – 293,7 миң сом, №9 – тиркемеге ылайык
- “ Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” – 8 109,0 миң сом, №10- тиркемеге
- “Турак – жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” – 32676,1 миң сом, №11 – тиркемеге ылайык
- “Клубдар” – 1 185,0 миң сом, №12- тиркемеге ылайык
- “Маданият боюнча мероприятиялар” – 2 960,0миң сом, №13 – тиркемеге ылайык
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган эс алу, СМД” – 11 594,2 тыс.сом, №14- тиркемеге ылайык.
- “Мектепке чейинки билим берүү” – 8 369,6 миң сом ,№15 – тиркемеге ылайык
- “Орто билим берүү” – 17341,3 миң сом, №16- тиркемеге ылайык
- “Социалдык коргоо” – 4 818,0 миң сом, №17 – тиркемеге ылайык.
11.Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 21-беренесинин 8-пунктуна ылайык, айыл өкмөттүн кызматкерлерине социалдык–тиричилик маселелерин чечүү үчүн коллективдүү договордун негизинде материалдык жардам төлөнүп берилсин.
12.Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-жылдагы №266 Жарлыгынын 4 - пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын 04.08.2004 – ж Эмгек Кодексинин 151-беренесине ылайык, жумуштун татаалдыгы жана чоң көлөмү үчүн ай сайын бир жарым айлык акынын өлчөмүндө кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылсын, өргүүгө чыкканда, материалдык жардамга эсептелинбейт.
13.Зарылчылыкка байланыштуу обьекттерди “курулуш” же “реконструкциялоо” ремонтторун жүргүзүүдө техникалык көзөмөлчү кызматы каралсын.
14.Зарылчылыкка байланыштуу Беловодск айыл өкмөтүнө от жагуучу кызматына 1 штаттык бирдик, 7040 сом айына айлык маяна каралсын, салыктарын эсептегенде.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтумунун 2-п.3-тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнө 1 бирдик нөөмөтчү ВАЗ 2107, мамлекеттик номери 25-68 SC автоунаасы калкты тейлөө үчүн бекитилсин жана айына бюджеттен 240 литр күйүүчү май менен камсыз кылынсын.
16. Зарылчылыкка байланыштуу Кош – Дөбө айылындагы клубга 1 штаттык бирдик башчысына, 1 штаттык бирдик техничка, 2 штаттык бирдиги кароолчулар, “Кызыл Октябрь” клубуна 1 штаттык бирдик башчысына, 2 штаттык бирдиги кароолчулар бекитилсин. Эмгек акысы штаттык негизде.
17. Сметалык документтерди даярдоого, текшерүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү аткаруучуга түзүлгөн сметалардын 1%ге чейинки өлчөмүндө жүргүзүлсүн.
18. Чарбалык китепчелердеги жазууларды тактоо үчүн малды, үй канаттууларын кайра эсептөө үчүн ар бир үйгө 40(кырк) сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
29. Аппарат кызматкерлерин окууга жиберүүгө каражат каралсын (мамлекеттик сатып алуулар үчүн ж.б.)
20. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан 2024-жылга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы белгиленген мыйзамдуу тартипте каралсын.
21. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жиберсин.
22. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктөлсүн.





Төрага Т.К.Кулжанов


Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px