Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
09 ноя 2023

ТОКТОМ № 152

Асаналиев Стал Темирбекович жарандын 2023-жылдын 16-октябрындагы, Беловодск айылынын Фрунзе №323 дарегинде жайгашкан короо участкасынан коммерциялык (дүкөн, унаа жуучу жай) үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарды (№ 94-2023 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12 беренесин жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Москва районунун Беловодское айылынын Фрунзе №323 дарегинде жайгашкан 1500,00ч.м. аянтындагы короо участкасынан коммерциялык (дүкөн, унаа жуучу жай) үчүн жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге милдеттендирилсин.
3. С.Т.Асаналиев жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары Кызматынын Москва филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге жүктѳлсүн.


Төраганын орун басары А.Т.Урманбетов
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px