Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
09 ноя 2023

ТОКТОМ № 151

Джумагулова Айзада Насыпбековна жарандын тарабынан Исабаева Куйсунойдон 2023-жылдын 8 август айында берилген ишеним каттын негизинде, Беловодск айылынын Кирова №166 үйдүн 3 батир дарегинде жайгашкан короо участкасынан коммерциялык (дүкөн, унаа жуучу жай) үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарды (№ 87-2023 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12 беренесин жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Москва районунун Беловодск айылынын Кирова көчөсүндө №166 батир №3 дарегинде жайгашкан - 2013,4ч.м. аянтындагы короо участкасынан «кафе куруу үчүн» жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаев милдеттендирилсин.
3. К.Исабаева жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары Кызматынын Москва филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевга жүктѳлсүн.


Төраганын орун басары А.Т.Урманбетов
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px