Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнө:
-укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
-Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесине ылайык квартал сайын балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат айылдык кеңеште каралып турсун.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары А.Т.Урманбетов