Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
09 окт 2023

ТОКТОМ № 146

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгынын, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын негизинде, жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" 29.08.2023-жылдагы № 215Жарлыгын аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча айылдын ар бир жыйынын өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2023-жылдын 18-ноябрында Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык саат 10-00дө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын залында өткөрүлсүн.
5. Элдик Курултайдын делегаттарынын 20001ден 30000ге чейинки калктын - 150 делегаттын квотасына ылайык делегаттарды сунуштоонун нормалары бекитилсин жана 21жаштан өйдө жана андан жогорку жаштагы калктын жалпы санынын (23387/150) - 2 делегаты көрсөтүлөт. Бардыгы, айылдар боюнча:
- Кош-Дөбө айылы - 1 делегат;
- Беловодск айылы – 1 делегат.
6. Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жооптуу катчы бул Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы - А.Ж.Дубанаевке, Беловодск айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Э.Д.Сыйдановага жүктөлсүн.



Төрага Т.К. Кулжанов
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px