Беловодск айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 364,4 миң сом өлчөмүндөгү сумманы бөлүштүрүү маселесин угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Айыл чарба багытындагы жер салыгынын түшүүсү боюнча түшкөн сумма - 364,4 миң сом суммасында төмөнкү иштерге бөлүштүрүлсүн:
- компьютерлерди, аппараттарды тейлөө – 200,0 миң сом, бөлүм 70111 "Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары" берене 22151400 "Маалыматтык технологиялар жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр";
- Беловодск айылынын Первомайск жалпы билим орто мектебине көшөгө сатып алууга -164,4 миң сом, бөлүм 70921 "Орто билим берүү", берене 22231100 "Кийим-кече буюмдарын сатып алуу, тигүү жана оңдоо".
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаев 2023-жылдын бюджеттик каражаттарды пайдалануу маселесин мыйзамда белгиленген тартипте карасын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төрага Т.К. Кулжанов