Беловодск айылдык Кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2023 жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү маселесин угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2023-жылдын - 6 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн Беловодск айыл өкмөтү боюнча салыктын төмөнкү түрлөрү боюнча көбөйтүү:
- салык агентти төлөнүүчү киреше салыгы боюнча - 2500,0 миң сом:
- 2-топтогу кыймылсыз мүлк салыгы боюнча - 150,0 миң сом:
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча - 1000,0 миң сом.
Бардыгы – 3650,0 миң сом.
2023 – жылдын 6 - айдын жыйынтыгы боюнча бюджетинин чыгаша бөлүгү-3650,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн, жана төмөнкү иштерге жумшалсын:
- стеланы реконструкциялоо – 2000,0 миң сом, бөлүм 70629 "Башка ТЖКК" берене 22211200 "Курулмаларды учурдагы оңдоо";
- Беловодск айылынын көчөлөрүн гравиралоо – 1500,0 миң сом, бөлүм 70629 "Башка ТЖКК" берене 22211200 "Курулмаларды учурдагы оңдоо";
–долбоордук – сметалык документтерди (ПСД) түзүү жана башка чыгымдар -150,0 миң сом, бөлүм 70111 "Аткаруу – мыйзам чыгаруу органдары" берене 22154900 - 100,0 миң сом, берене 22221200 - 50,0 миң сом.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаев 2023-жылдын бюджеттик каражаттарды пайдалануу маселесин мыйзамда белгиленген тартипте карасын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төрага Т.К. Кулжанов