Кыргыз Республикасынын Президентинин №24 - 2022 жылдын 2 февраль айынын Жарлыгынын негизинде “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, -
Токтом кылды:
1. Биргелешкен конкурстук комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Депутат-Рагимов Саманд Магомед Оглы Беловодск айылдык кеңешинин жооптуу катчысын тандоо боюнча биргелешкен конкурстук комиссиянын төрагасы болуп аныкталсын;
3. Беловодск айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын квалификациялык талаптары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Т.К.Кулжанов