Эшбаева Жумагул Камаловна жарандын 2023-жылдын 30-майында, Беловодск айылынын Фрунзе № 280 дарегинде жайгашкан короо участкасынан коммерциялык (курулуш дүкөн) үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№ 48-2023 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылынын Фрунзе №280 дарегинде жайгашкан 1100,00 ч.м. аянтындагы короо участкасынан коммерциялык (курулуш дүкөн) үчүн жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жердин максаттуу багытын өзгөртүү үчүн токтомду даярдоо Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевге милдеттендирилсин.
3. Ж.К.Эшбаева жараны тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык 30 календардык күндүн ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Москва райондук филиалында каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Дубанаевга жүктѳлсүн.
Төрага Т.К. Кулжанов