Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 492-беренесинин негизинде Беловодск айылдык Кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын типтүү курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Беловодск айыл өкмөтүнө комиссиянын типтүү курамын түзүү укугу берилсин.
4. Комиссия өз ишин уюштурууда ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексин жетекчиликке алсын.
5. Жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө квартал сайын Беловодск айылдык Кеңешине маалымат берилсин.
1. Жоопту катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.
Төрага Т.Кулжанов