Адиев Жолдошбек жарандын 2023-жылдын 10-январындагы, Кош-Добо а. Токтогул көчөсүнүн № 24 дарегинде жайгашкан айыл чарба эмес багытындагы жер тилкеси ,короо жер тилкесине максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№ 17 архитектуралык корутундусун жана жер багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12- бер. Жетекчиликке алып, Беловодск айылдык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош- Добо айылынын Токтогул № 24 дарегинде жайгашкан 3500,0 чарчы метр аянтындагы айыл чарба багытындагы эмес жер тилкеси короо жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы токтомдун негизинде буюрманы бекитип берүүгө милдеттендирилсин.
3. Ж.Адиев жараны Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 25- беренесине ылайык мамлекеттик мекеме “Кадастр” Москва филиалында 30 календардык күндүн ичинде тиешелүү иш-кагаздарды каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кайназаровго жүктѳлсүн.
Төрага Т.К.Кулжанов