ТОКТОМ № 79
13.06.2022-ж. Беловодск а.
2023-2025-жылдарга бюджеттин кирешелеринин долбоорунун орто мөөнөттүү болжолун бекитүү жөнүндө
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2023-2025-жылдарга орто мөөнөттүү болжолун берүүнүн зарылдыгы жөнүндө корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы Бюджеттик кодексинин 95-главасынын 19-беренесине ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Тиркемеге ылайык 2023-2025-жылдарга бюджеттин кирешесинин долбоору сунушталсын.
2023-жыл – 86245,8 миң сом
2024-жыл – 88029,8 мин сом
2025-жыл – 88129,8 миң сом
2. Тиркемеге ылайык 2023-2025-жылдарга бюджеттин чыгашасынын долбоору сунушталсын
2023-жыл – 86245,8 миң сом
2024-жыл – 88029,8 мин сом
2025-жыл – 88129,8 миң сом
Кирешелер проектинин баштапкы варианты КР Каржы Министрлигине сунушталсын..
1. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова