ТОКТОМ № 77
01.04.2022-ж. Беловодск а.
« №132, № 131 маршруттары боюнча
жол кире тарифин бекитүү жөнүндө”
№132, №131 маршруттары боюнча жол кире тарифин бекитүү жөнүндө суроосун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын 10.03.2022-ж. протоколунун негизинде, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2022-жылдын 1-апрелинен тартып коомдук жүргүнчүлөр транспортунда (кичи автобустарда) жүргүнчүлөрдү каттамдар боюнча тарифтер белгиленсин:
№ 132 – АДСК – спецкомендатура (кольцевой) – 15,00 (он беш) сом;
№131 – Беловодск а. – Предтеченка а. – 30,00 (отуз) сом.
2. Жалпы орто билим берүүчү мектептердин окуучуларына баасын аныктоо менен бирдиктүү жол жүрүү билеттерин берүүнү карап чыгуу «ТезСакЖол» ЖЧК жетекчисине сунушталсын
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова