ТОКТОМ № 75
01.04.2022-ж. Беловодск а.
« “Беловодск айылынын ардактуу жараны”
наамын ыйгаруу жөнүндө»
Жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 14.03.2022-ж. Москва райондук БӨСМнин футбол боюнча улук машыктыруучусу В.Ю. Толканевго “Беловодск айылынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө протоколун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жергиликтүү жамааттын коомдук-социалдык турмушундагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Москва райондук БӨСМнин футбол боюнча улук машыктыруучусу Толканев Владимир Юрьевичке “Беловодск айылынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова