ТОКТОМ № 71
01.04.2022-ж. Беловодск а.
«Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” 2002-жылдын 5-июлдун № 113 Мыйзамын жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнчатуруктуу комиссиясынын 04.03.2022-ж. корутундусунун негизинде, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аксакалдар сотунун төмөнкү курамында бекитилсин:
- Боромбаев Б.М.
- Федорова О.Н.
- Суеркулов О.
- Джаныбеков А.М.
- Шляхов В.А.
- Молдокунова Р.А.
- Серебрянская Л.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй - Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жиберсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрайым А. Иманкулова