ТОКТОМ № 69
01.04.2022-ж. Беловодское а.
2022-жылга шарттуу 1 баштын баасын бекитүү жөнүндө
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш-аракеттер жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Беловодск айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасынын 2022-жылга карата шарттуу баштын баасын бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап, Беловодск айыл кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылдык аймагынын тургундарына 1 шарттуу баш үчүн 100,00 (жүз) сом, башка айылдык аймактардын жана райондордун тургундарына 150,00 (жүз элүү) сом баалары бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова