ТОКТОМ № 66
01.04.2022-ж. Беловодск а.
« “К.Сыйданов атындагы орто метептин башталгыч корпусунда тамактануучу залын салуу” долбоорун бекитүү жөнүндө»
“К.Сыйданов атындагы орто метептин башталгыч корпусунда тамактануучу залын салуу” долбоорун бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын 26.03.2022-ж. протоколдун негизинде Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облустук өнүктүрүү фондуна берүү үчүн “К.Сыйданов атындагы орто метептин башталгыч корпусунда тамактануучу залын салуу” долбоору бекитилсин.
2. Долбоор жактырылган учурда 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй - Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрайым А. Иманкулова