ТОКТОМ № 64
01.04.2022-ж. Беловодск а.
« “Кош-Дөбө айылында ФАП куруу”
долбоорун бекитүү жөнүндө»
“Кош-Дөбө айылында ФАП куруу” долбоорун бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын 10.03.2022-ж. протоколдун негизинде Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облустук өнүктүрүү фондуна берүү үчүн “Кош-Дөбө айылында ФАП куруу” долбоорду кошо каржылоого 2022-жылга акча каражаты каралсын.
2. Долбоор жактырылган учурда 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй - Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрайым А. Иманкулова