Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
10 апр 2023

ТОКТОМ № 61

ТОКТОМ № 61

20.01.2022-ж. Беловодское а.

«2021-жылдын бюджетинин аткарылышы
жана Беловодск айыл өкмөтүнүн 2022-жылга
бюджетин жана 2023-2024-жылдарга
болжолун бекитүү жөнүндө»

Беловодск айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жылга Беловодск айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы бекитилсин:
- кирешелер боюнча - 79720,9 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражаттар боюнча.эсеп боюнча - 3817,9 миң сом, чыгашалар боюнча - 81328,7 миң сом суммасында, анын ичинде атайын каражаттар боюнча.эсеп - 2948,7 миң сом.
2. Беловодск айыл өкмөтүнө берилген 2022-жылга бюджет бекитилсин. Кирешелер боюнча - 78501,8 миң сом, чыгашалар боюнча - 78501,8 миң сом, анын ичинде атайын эсеп боюнча - 4100,0 миң сом.
3. Беловодск айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгү №1 тиркемесине ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. Бюджет боюнча кирешелердин жана чыгашалардын болжолу 2023 -жылга - 80541,8 миң сом суммасында, 2024-жылга - 82025,8 миң сом суммасында бекитилсин.
5. Беловодский а/ө 74401,8 миң сом суммасында чыгашаларды каржылоо 2022 - жылга иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, мында биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соцфонд, тамактануу, медикаменттер, социалдык жөлөкпулдар жана төлөмдөр) боюнча 3-тиркемеге ылайык жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
6. Беловодск айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2022-жылга штаттык расписаниеси КТП, ТТП эске алуу менен 30 адамдан бекитилсин.
7. Беловодск айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бюджеттик мекемелерди 2022-жылга чыгымдардын сметасын берүүгө милдеттендирилсин.
8. КР Бюджеттик кодексине ылайык 109-ст., 1-п. ылайык Беловодск айыл өкмөтүнө 2022-жылы укук берилсин:
- бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүү
9. Бөлүмдөр боюнча чыгашалар:
- аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары-9145,6 миң сом, анын ичинде резервдик фонд 736,6 миң сом
- айылдык кеңеш 478,3 миң сом
- жарандык коргоо – 390,0 миң сом
- клубтар – 758,1 миң сом
- мектепке чейинки билим берүү – 13 482,4 миң сом
- орто билим берүү – 13782,9 мин сом
- жайыт комитети – 440,5 миң сом
- мекемелерди утурумдук ремонттон өткөрүү
- ирригациялык тармактын (айыл чарба)тазалоо иштери – 2000,0 миң сом
- "Таза айыл"МИ Беловодское айылынын айылын көрктөндүрүү – 10 000,0 миң сом
- суу түтүк тармагын оңдоо үчүн керектүү материалдарды жана жумуштарды сатып алуу – 2000,0 миң сом
- маданият боюнча иш-чаралар – 2402,0 миң сом
- соц.коргоо боюнча кызматтар – 1 720,0 миң сом
- көчөлөрдү асфальттоо – 10619,4 миң сом
- фонтанды реконструкциялоо – 2000,0 миң сом
- БОМ № 2 кошумча каржылоо – 732,6 миң сом (стим.грант)
- Биринчимай орто мектебинин тамак-аш блогун капиталдык оңдоо – 500,0 миң сом
- Биринчимай орто мектебинин сырткы даараткананы куруу – 1000,0 мин сом
- БОМ №2 актовый залды (ашкананы) капиталдык оңдоо – 500,0 миң сом
- А.Сыдыков ОМ электромонтаждык жумуштары – 300,0 миң сом
- “Ласточка” бала бакчага кургатуучу навес орнотуу – 250,0 миң сом
- “Ласточка” бала бакчадагы топтор боюнча ички даараткананы капиталдык оңдоо – 100,0 миң сом
- "Колокольчик" бала бакчасынын эки кабаттуу корпусун капиталдык оңдоого - 600,0 миң сом
- башка кызматтар – 1000,0 миң сом (ДСД, долбоорлор ж.б. иш кагаздар)
- сметчик кызматы – 300,0 мин сом, технадзорго – 200,0 миң сом
10. Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык билим берүү кызматкерлерине жана мектепке чейинки мекемелердин тарбиячыларына коммуналдык кызматтарга акы төлөө жүргүзүлсүн.
11. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21-ст.8-п. айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине жамааттык келишимдин негизинде социалдык төлөмдөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзсүн.
12. Объекттерди "куруу" же "реконструкциялоо" оңдоо убагында техникалык көзөмөлдөө кызматтарын кароо зарылдыгына байланыштуу.
13. Салыктарды эске алуу менен айына - 18,0 миң сом суммасында контракт боюнча юрист менен келишим түзүүсү бекитилсин.
14. Беловодск айыл өкмөтүнүн от жаккычынын 1 штаттык бирдигин жана от жагуучунун маянасын салыктарды эсепке алуу менен айына 2900 сом суммасында бекитүү зарылдыгына байланыштуу.
15. Зарылдыгына байланыштуу Кош-Дөбө айылынын клубунун техничканын 1 штаттык бирдигин жана Кош-Дөбө айылынын клубдун башчысы, күзөтчүлөрүнө 2 штаттык бирдикти макулдашуу штаттык расписаниесинин маянасы менен, "Красный Октябрь"клубуна күзөтчүлөрдүн 2 штаттык бирдигин жана клубдун башчысы 1 штаттык бирдигин бекитилсин.
16. Түзүлгөн сметалардын 1% чейинки өлчөмүндө аткаруучуга сметалык документтерди түзүү, текшерүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр жүргүзүлсүн.
17. Бир үй чарбасы үчүн 40 (кырк) сом эсебинде чарба китептериндеги жазууларды тактоо үчүн малды, үй канаттууларын кайра эсептөө үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү.
18. Аппараттын кызматкерлерин окутууга каражат кароо (мамлекеттик сатып алуулар боюнча)
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.

Төрайым А. Иманкулова
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px