Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
10 апр 2023

ТОКТОМ № 57

ТОКТОМ № 57

20.01.2022-ж. Беловодск а.

«Беловодск айыл өкмөтүнүн түзүмүн
жана штаттык санын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 5-августундагы № 541, “Айылдык кеңештердеги акы төлөө негизинде ээленүүчүү кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 5-февральдын №64 токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрьдын № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана ошондой эле Беловодск айыл өкмөтүнүн ишин оптималдаштыруу максатында:

ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй - Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жиберсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.



Төрайым А. Иманкулова


Беловодск а/к
20.01.2022-ж. №57 токтомуна № 1 тиркеме


Беловодск айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык саны

№ Кызмат орундарынын аталышы Штаттык саны
1. Башчы 1
2. Башчынын орун басары 1
3. Жооптуу катчы 1
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы 1
5. Каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы 1
6. Башкы адис-юрист 1
7. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү боюнча башкы адис 1
8. Киреше боюнча башкы адис 1
9. Чыгаша боюнча бухгалтер башкы адис 1
10. Айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча жер жайгаштыруучу башкы адис 1
11. Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис 1
12. Турак жай-коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис 1
13. Социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адис 1
14. Киреше боюнча жетектөөчү адис 2
15. Айыл чарба багытындагы жерлер боюнча жер жайгаштыруучу жетектөөчү адис 1
16. Айыл башчы жетектөөчү адис 1
17. Социалдык суроолор боюнча адис 1
18. Мамлекеттик тил боюнча адис 1
19. Бухгалтер-эсепчи адис 1
20. АКС инспектору 6
21. КТП 3
22. ТТП 1
Баардыгы 30
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px