Алекенова Сарина Максатовна жарандын 2022-жылдын 13- декабрындагы, Беловодск а. 40 лет ВЛКСМ көчөсүнүн №1а дарегинде жайгашкан короо участкасынан бала бакча куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле арызга тиркелген материалдарын (№95-2021 архитектуралык корутундусун жана жер багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12- бер. Жетекчиликке алып, Беловодск айылдык Кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беловодск айылынын 40 лет ВЛКСМ көчөсүнүн №1а дарегинде жайгашкан 1039,00 чарчы метр аянтындагы короо участкасы бала бакчанын жер тилкесине максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы токтомдун негизинде буюрманы бекитип берүүгө милдеттендирилсин.
3. С.М.Аликенова жараны Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 25- беренесине ылайык мамлекеттик мекеме “Кадастр” Москва филиалында 30 календардык күндүн ичинде тиешелүү иш-кагаздарды каттасын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кайназаровго жүктѳлсүн.
Төрага Т.К.Кулжанов