Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 салык Кодексинин 404 – беренесинин 2- пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1- январынан тартып мүлк салыгын киргизүү боюнча Беловодск айылдык Кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1- январында Беловодск айыл аймагында төмөндөгү салыктар киргизилсин:
- мүлк салыгы
- жер салыгы
2. Салыктарды тескөө- башкаруу токтомдун 1- пунктунда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин мыйзамына ылайык ишке ашырылсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кайназаровго жүктѳлсүн.
Төрага Т.К.Кулжанов