Беловодск айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, Беловодск айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер салыгынын төмөндөшүнөн Республикалык бюджеттен компенсация түрүндө түшкөн сумманын- 950,0 миң сомду төмөнкү бөлүмгө жана беренеге бөлүштүрүлсүн.
Бөлүм: 70921 “ Орто билим берүү” ст. 22311300 “Жылуулук төлөмү”
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кайназаровго жүктѳлсүн.
Төрага Т.К.Кулжанов