Москва райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн турак жай курууну уюштуруу жөнүндө "Президенттин Иш башкармасы"деген тапшырмасын аткаруу үчүн.
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн турак жай куруу үчүн Беловодское айылы, 50 лет Киргизии көчөсү н/ж дареги боюнча жайгашкан аянты 0,8 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Москва филиалында тийиштүү документтерди каттоо жана буйрук даярдоо милдеттендирилсин.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй –Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жиберсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳлдѳѳ Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш. Кайназаровго жүктөлсүн.
Тѳрага Т.Кулжанов