Москва райондук мамлекеттик администрациясынын катынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун "Президенттин Иш башкармасы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн турак жай курулушун уюштуруу жөнүндө" тапшырмасын аткаруу үчүн, Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын корутундусуна ылайык, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беловодское айылынын 50 лет Киргизия көчөсүнүн н/ж дареги боюнча жайгашкан аянты 34436,1 кв. м жер участогун өз алдынча үч жер участогуна бөлүүгө макулдук берилсин, анын ичинде:
- Биринчи Май орто мектебине бекитүү үчүн 22000,00 чарчы метр;
- " Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы "мекемесинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына турак жай курууну уюштуруу үчүн 8000,00 кв.м. жер участогу.
- Жер участогунун калган аянты такталган аянты менен Биринчи Май орто мектебинин аймагына чектеш короо жанындагы жер участокторун комиссиялык текшерүүдөн өткөргөндөн кийин Беловодск айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга калтырылсын.
2. Аянты 8000,00 кв.м. болгон жер участогунун функциялык багыты мекеменин жана билим берүүнүн аймагынан Беловодское айылынын башкы планына ылайык бир-эки кабаттуу турак жай курулушуна өзгөртүлсүн.
3. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин:
- Беловодское айылынын башкы планына ылайык жер-кадастр документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн социалдык турак жайды уюштуруу боюнча бардык тиешелүү документтерди алгандан кийин "Кыргыз Ремпубликасынын Президентинин Иш башкармасынын"мекемесине аянты 8 000,00 кв.м. жер участогун андан ары бөлүп берүү үчүн буюрманы жана бекитүү актысын дайындасын.
4. Бул токтом "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Москва филиалында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 25-беренесине ылайык катталсын.
5. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй –Бишкек башкармалыгына жөнөтүлүп катталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳлдѳѳ Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш. Кайназаровго жүктөлсүн.
Тѳрага Т.Кулжанов