ТОКТОМ № 52
17.12.2021-ж. Беловодск а.
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Альпайцева Ирина Анатольевна жарандын 27.11.2021-ж. Беловодск а. 50 лет Киргизии көч. № 32 дарегинде жайгашкан короо участкасынан жер тилкесинин максаттык багытын спорттук-ден соолукту чыңдоо борбор куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген материалдарын (архитектуралык корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. 50 лет Киргизии көч. № 32 дарегинде жайгашкан 450,80 ч.м. аянтындагы короо участкасынан спорттук-ден соолукту чыңдоо борбор курууга жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова