ТОКТОМ № 50
17.12.2021-ж. Беловодск а.
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Ниязалиев Марлес Мадылбекович жарандын 10.12.2021-ж. Беловодск а. Фрунзе көч. № 44, № 46 дарегинде жайгашкан короо участкасынан жер тилкесинин максаттык багытын кафе курууга калктуу конуштардын жерлерине өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген материалдарын (архитектуралык корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. Фрунзе көч. № 44, № 46 дарегинде жайгашкан 2331,00 ч.м. аянтындагы короо кафе курууга калктуу конуштардын жерлерине жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова