ТОКТОМ № 24
01.10.2021-ж. Беловодск а.
« ЖТКК үчүн жер тилкелери алуу тартибин бекитүү жөнүндө»
Кош-Дөбө айылынын жашоочуларынын жыйынын 28.09.2021-ж. Беловодск айылдын жана Кош-Дөбө айылдын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алуу тартибин бекитүү жөнүндө протоколун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылдын жана Кош-Дөбө айылдын жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин аймактар боюнча алуу тартиби бекитилсин: Беловодск айылдын жашочулары Беловодск айылдын жанында, Кош-Дөбө айылдын жашоочулары – Кош-Дөбө айылдын жаныда жер тилкелерин алуу керек.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жиберсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова