ТОКТОМ № 12
30.07.2021-ж. Беловодск а.
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кушкарова Олмоскан Эркиновна жарандын 16.07.2021-ж. Беловодск а. Советский ч/к. № 43 дарегинде жайгашкан калктуу конуштардын жерлериндеги короо-жай участогунан бала бакча куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген материалдарын (архитектуралык корутундусун, кошуналардын макулдугу, комиссиянын акт-корутундусу) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. Советский ч/к. № 43 дарегинде жайгашкан 673,00 ч.м. аянтындагы калктуу конуштардын жерлериндеги короо-жай участогунан бала бакча куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова