ТОКТОМ № 1
26.05.2021-ж. Беловодск а.
Беловодск айылдык кеңешинин төрайымын
шайлоо жөнүндө
Беловодск айылдык кенешинин төрайымын добуш берүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 15.06.2011-ж. №101 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-б. 6-б. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылдык аймагынын XXVIII чакырылышынын Беловодск айылдык кеңешинин төрайымы болуп – Иманкулова Алмира Маданбековна шайлансын.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
Төрайым А. Иманкулова