ТОКТОМ № 88
13.06.2022-ж. Беловодск а.
Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү, сатууга макулдук берүү жөнүндө
Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековдун Беловодск айыл өкмөтүнө жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү, сатууга макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-бер. 2-пунктуна, 11-бер. ылайык Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнө төмөнкү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилип жана сатууга макулдук берилсин:
- Беловодск а. Ленина н/ж көч., «Звездочка» дүкөнүнүн түндүк тарабы, аянты 40,5 ч.м.
- Беловодск а. Береговая №10 көч., турак үйдүн чыгыш тарабы, аянты 1839,4 ч.м.
- Беловодск а. 50 лет Киргизии н/ж, көп кабаттуу турак үй курууга аянты 980,00 ч.м.
- Беловодск а. Ленина н/ж, Москва РМСБ имаратынын жанындагы жарнамалык такта, аянты 2,0 ч.м.
- Беловодск а. Ленина н/ж, «Айыл Банк» имаратынын жанындагы жарнамалык такта, аянты 2,0 ч.м.
- Беловодск а. Фрунзе/ Кирова көч. кесилиши н/ж , почта бөлүмүнүн имаратынын түштүк тарабы, аянты 5,25 ч.м.
- Беловодск а. Ленина н/ж, жатакананын түштүк-батыш тарабы аянты 19,6 ч.м.
- Беловодское а. Ленина 156/4 көч. аянты 1250,00 ч.м.
- Беловодск а. Калинина №158 көч. турак үйдүн туштүк тарабы, аянты 300,8 ч..м.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова