ТОКТОМ № 86
13.06.2022-ж. Беловодск а.
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Батыркулов Самат Абайкулович жарандын 23.05.2022-ж. Беловодск а. 50 лет Киргизии № 122 дарегинде жайгашкан короо участкасынан унаа жуугуч коомдук куруу үчүн жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген материалдарын (№ 40-2022 архитектуралык корутундусун жана жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча комиссиясынын акт-корутундусун) изилдеп.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-б. 12-бер. жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск а. 50 лет Киргизии № 122 дарегинде жайгашкан 984,1 ч.м. аянтындагы короо участкасынан унаа жуугуч коомдук курууга жер тилкесинин максаттык багыты өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова