Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
27 мар 2023

ТОКТОМ № 78

ТОКТОМ № 78


13.06.2022-ж. Беловодское а.


Беловодск айылдык аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндөрдү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө


Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылындагы 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыккан жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтый турганын эске алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылындагы 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыккан жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыганын жобонун негизинде Беловодск айыл аймагында убактылуу шайкеш типтүү Жобонун тартиби бекитилсин.
2. Жооптуу катчы тартип иретинде Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында убактылуу жобо каттоодон өтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова



Беловодск айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

1.Жалпы жоболор.
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
3.Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби.
4.Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.
5.Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, комиссиялар жана кызмат адамдары.

1.Жалпы жоболор

1.1. Бул Убактылуу Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыккан, жергиликтүү калктын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2.Жобонун максаты айылдарда жана калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүм ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салттын жат, терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу,элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

2.1.Жобону иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде, айыл өкмөтүнүн буюрмасы менен кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлерден, аялдар жана жаштар кеңешинен, аксакалдар сотунан, диний жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.
2.2. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору элдик жыйындарда талкууланып, берилген сунуштардын негизинде киргизилет жана Жергиликтүү кеңеште бекитилет.

3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1.Үй-бүлөлүк бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, үйлөнүү той, куда тосуу, кыз узатуу , ата көрдү, күйөө чакырык той жана башкалар кирет.
Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө мал союууга тыюу салынат жана келген коноктордун саны 200 кишиден ашпоосу абзел.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Беловодск айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюууларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби.

4.1. Маркумду эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үч илик, жетилик, кырк аш) өткөрүүдө мал союууга тыюу салынат.
4.2. Маркумду эске алуу ырым-жырымдары Беловодск айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюууларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиясы жана кызмат адамдары

Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына, айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү, мечиттин имамдары, ардагерлер кеңеши, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши, айылдык кеңештин депутаттары, аймактык участкалык инспекторлор, аксакалдар соту кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буюрмасы менен бекитилет.
5.1. Жергиликтүү комиссия мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, сөөк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт.
Жобону бузган адамдарга тийиштүү чаралар көрүлөт, отурумда каралат. Комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ишин документтештирет.
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px