Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
27 мар 2023

ТОКТОМ № 46

ТОКТОМ № 46

17.12.2021-ж. Беловодское а.

«Беловодск айылдык аймагынын
гараждардын астындагы жер тилкелерин
ижарага берүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө»

Беловодск айыл аймагынын аймагындагы учурдагы гараждар астындагы жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жобону бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл аймагында гараждар астындагы жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жобо бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.



Төрайым А. Иманкулова




Бул жобо Беловодск айылдык аймагындагы гараждар астындагы жер тилкелерин инвентаризациялоо максатында иштелип чыккан.

19.11.2021-жылдагы №29 сессиянын Беловодск айылдык аймагынын гараждарынын астындагы жер тилкелерин ижарага берүү жөнүндө токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык райондун өкүлчүлүк органынын, аткаруу органынын жана архитектура башкармалыгынын ичинен жумушчу комиссия түзүлөт.
Комиссия Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен архитектура жана Мамкаттоонун ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча түзүлөт.
1. Максаттары жана милдеттери
1.1. Комиссия өз кезегинде 23.09.2011-ж. №571 жобосун жетекчиликке алат жана жарандардын материалдарын, арыздарын карап чыгат бардык параметрлерге, талаптарга ылайык келген учурда, протоколунун көчүрмөсүн гараждын астындагы жер тилкелерине келишим түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтөт.
1.2. Гараждар алдында жер участогун берүүнүн негизги критерийлери:
- тургундун арызынын болушу,
- паспорттун көчүрмөсү,
- кошуналардын милдеттүү катышуусу менен үчүнчү жактардын талаш-тартыш жана мыйзамсыз аракеттерин болтурбоо максатында тиешелүү округдун депутатынан текшерүү актысы.
2. Берүү тартиби
2.1. Комиссия комиссиянын жыйынынын протоколун бергенден жана комиссиянын макулдугу жөнүндө көчүрмөнү бергенден кийин айыл өкмөтүнүн башчысы иштеп жаткан гараждын астындагы жер тилкесине салыкты жана жер тилкесинин ижарасын эске алуу менен бир жылдык мөөнөткө ижара келишимин түзөт.
Ошондой эле үчүнчү жактардын жана менчик ээлеринин бузууга жол бербөө үчүн өз эсебинен архитектуралык документтерди архитектура башкармалыгында тариздөө зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдиребиз.
3. Өзгөчө бөлүгү
3.1. Башчы менен келишимди 1 жылдык мөөнөткө берет, бирок архитектура башкармалыгынан арыз ээси АТК алуудан баш тарткан учурда келишим жокко чыгарылды деп эсептелет жана юридикалык күчкө ээ эмес.
3.2. АТК түзбөстөн, башка адамдардын жана менчик ээлеринин чек араларын белгилөө жаатында талаш маселелер келип чыгышы мүмкүн.
4. Акыркы бөлүгү
4.1. 1 жылдык мөөнөткө келишим алган жана ижара акысы жана салыктар боюнча карызы жок АТК алган арыз ээси гараждын астындагы жер тилкесине ижара келишимин узартууга артыкчылыктуу укукка ээ.
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px