Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
23 янв 2023

ТОКТОМ № 7

ТОКТОМ № 7

30.07.2021-ж. Беловодск а.


«Беловодск айылдык кеңешинин
регламентин бекитүү жөнүндө»

Беловодск айылдык кеңешинин регламентин өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап , Беловоодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айылдык кеңешинин регламенти өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айылдык кеңешинин төрайымдын орун басары А. Урманбетовго жүктөлсүн.




Төрайым А. Иманкулова

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ

Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.

I БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ

1-глава. Жалпы жоболор

1.1.Беловодск айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Регламент менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер

2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1) айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;
3) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жөнүндө отчетторду угуу;
5) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизүү;
6) мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген, өткөрүлүп берлиген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыга үчүн аким тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен макулдук берүү жөнүндө маслелени кароо;
7) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
8) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
9) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
10) айыл аймагынын айылдарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
11) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
12) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочулар менен иштөө боюнча башка иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү;
13) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча айылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
14) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
15) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү;
16) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө;
17) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору, ошондой эле жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардын ар жылдык планын бекитүү;
18) жергиликтүү жамааттардын Уставынын жоболорун жана айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо;
19) айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү) менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталышта активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуунун планын бекитүү;
20) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн методикасын, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын жергиликтүү жамааттын, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
21) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшыруу;
22) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин дептуттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.

3-глава. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

3.1. Айылдык кеңеш жана анын туруктуу комиссиялары бир жылга планын түзөт. Айылдык кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
3.2. Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, айыл өкмөтүнүн башчысы жана жооптуу катчысы менен бирдикте айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
3.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы айылдык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, айыл кеңештин жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары менен бирдикте түзүлөт.
3.4. Иш планына бир жылдын аралыгында айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.
3.5. Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.
3.6. Айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айыл аймагынын маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.

4-глава. Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби

4.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүү);
- саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна.
Ар бир депутат же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
4.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна депутаттын өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү депутаттын талапкер болуп катталуу ниети жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди депутат, депутаттардын тобу тарабынан көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
4.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
4.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
4.6. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талпкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
4.7. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
4.8. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо айылдык кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.

5-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

5.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
- айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
-айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчиликжүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып айылдык кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
- айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
- айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
- айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
- айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
- айылдык кеңештин жергиликтүү жамааттар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана айыл аймагында жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
- айылдык кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамадарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

6-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары

6.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
6.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
-айылдык кеңештин төрагасына;
- депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүү);
- саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна.
Айылдык кеңештин төрагасы, ар бир депутат же депутаттардын тобу бирден талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
6.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери айылдык кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
6.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
6.5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
- айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда айылдык кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча айылдык кеңештин сессияларын алып барат;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
- айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
- айыл аймагында жайгашкан жергиликтүү жамааттар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
- айылдык кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.

7-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

7.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
7.2. Өз каалоолору боюнча айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
7.3. Өз каалоолору боюнча айылдык кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
7.5. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7.6. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

8-глава. Айылдык кеңештин катчысы

8.1. айылдык кеңешинин Катчысынын милдетин айылдык кеңешинин жооптуу катчысы 15.07.2011-жылынын № 101 35-берененин 2-бөлүмүнүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө" КР Мыйзамынын негизинде аткарат.
8.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана айылдык кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
8.3. Жоопту катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
- айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
- айылдык кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
- сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
- айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында айылдык кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;
- чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;
- жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
- айылдык кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
- расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
- айылдык кеңештин документтерин, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
- туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
- башка ченемдик укуктук актыларга, айылдык кеңештин ушул Регламентине ылайык жана айылдык кеңештин төрагасынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
8.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу аркылуу айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын иш-милдеттери айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.

9-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

9.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айылдын аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн айылдык кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
9.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин токтому менен түзүлөт.
9.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы айылдык кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
9.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык кеңештин депутаттарынын санынан 9 көп болбоого тийиш.
9.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн айылдык кеңештин депутаттары шайлашат.
9.6. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат (Өзгөчө учурларда 11 депутат курамындагы айылдык кеңештер депутаттардын эки туруктуу комиссияга мүчө болуу укугу жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн).
9.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
9.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары айылдык кеңештин сессияларында бекитилет.
9.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
9.10. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
9.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Айылдык кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен айылдык кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
- регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;
- жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча;
- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча;
- жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.).

10-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

10.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизет;
-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
-айылдык кеңештин кароосуна айыл аймагынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
- айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча айылдык кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
- өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
- айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
- каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту айылдык кеңештин төрагасына киргизет;
- башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
10.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан айыл аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысын жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, айыл өкмөттөрүнөн, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, айыл аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
10.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айыл аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

11-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

11.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
11.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
11.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
11.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
11.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
11.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
11.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
11.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
11.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
11.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

12-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары

12.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
12.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
12.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
12.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төөрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

13-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) аркылуу маалымдайт;
- комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
- туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
- убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкеринин) жардамы менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, айыл өкмөтүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
- комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
- айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
- айылдык кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу айылдык кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
- жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.

14-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

14.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
- туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
- комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына кирген маслелер боюнча маалымат алууга.
14.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
- өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
- айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маслелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
- ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
14.3. Комиссия тарабынан каралаган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
14.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
14.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол маселе айылдык кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.

15-глава. Убактылуу комиссия

15.1. Айылдык кеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укутуу.
15.2. Убактылуу комиссиялар айыл кещешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле айылдык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
15.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
- убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
15.4. Убактылуу комиссияны түзүү айылдык кещештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
15.5.Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кеңештин токтому менен бекилет.
15.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
15.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия айылдык кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны айылдык кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
15.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
- өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
- айылдык кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
15.9. Зарылчылкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
15.10. Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.
15.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
15.12. Айылдык кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

II БӨЛҮМ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

16-глава. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өтөкрүүнүн тартиби

16.1. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
16.2. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин дептуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлаган учурда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
16.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 20 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 15 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
16.4. Айылдык кеңештин сессиясын айылдык кеңештин төрагасы чакырат:
- өзүнүн демилгеси боюнча;
- айылдык кеңештин дептуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
- айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча.
16.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу айылдык кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
16.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басары, жергилктүү жамааттын мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
16.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
16.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдардын аймактарында жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
16.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында (же айылдык кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
16.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат айылдык кеңештин төрагасына айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
16.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин дептуттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

17-глава. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы

17.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
17.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө айылдык кеңештин төрагасына берилет.
17.3. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча айылдык кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүлөт.
17.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
17.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
17.6. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
17.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17.8. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
18-глава. Сессиянын күн тартиби

18.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөтүнүн башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин айылдык кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана айылдык кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
18.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
18.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда айыл өкмөтүнүн маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн айылдардын ичиндеги көрүнүктүү жерлерге илинет.
18.4. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.
18.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
18.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.
18.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.10. Айылдык кеңештин сессиясында кошумча материалдар айылдык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.

19-глава. Сессияга төрагалык кылуучу

19.1. Айылдык кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу айылдык кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болот.
19.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- айылдык кеңештин сессиясын алып барууга;
- маселелерди талкуулоого катышууга;
- депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
- эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
- чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
- сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
- ушул Регламентте белгиленгентартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
- залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
19.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
- чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
- сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
- сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
- келип түшкөн дептуттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
- дептуттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн , ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, айылдык кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
- сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, айылдык кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
- сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
- сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
- эгерде айылдык кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени айылдык кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.

20-глава. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети

20.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
-айылдык кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- токтомдордун долбоорлорун, айылдык кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
- айылдык кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
- айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
- айылдык кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын айылдык кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле айылдык кеңештин, айыл
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px