Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
12 окт 2022

ТОКТОМ №99

ТОКТОМ №99

2022-ж. 30 - сентябрь Беловодское а.


«Беловодск айыл аймагынын
жергиликтүү Курултайын өткөрүү жөнүндө»

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15- августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан делегеттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып , Беловодск айылдык Кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5- ноябрында саат 10-00 гө чакырылсын.
2. “Элдик Курултай боюнча” убактылуу жобонун 12-пунктуна ылайык Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы 150 делегаттан тураары белгиленсин.
3. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы -13 адамдан бекитилсин.(№1 тиркемеге ылайык).
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 5-октябрынан тартып 15- октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№2 тиркемеге ылайык) жана өкүлчүлүктүн мерчемдери калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
5. Беловодск айыл өкмөтү Курултайды уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгилеген мөөнөткө ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү аппараттар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Жоопту катчы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктѳлсүн.


Төраганын милдетин
аткаруучу Урманбетов А.Т.






Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px