Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
13 сен 2022

ТОКТОМ №90

ТОКТОМ №90

2022-ж. 10.08. Беловодское а.


«Беловодск айыл өкмөтүнүн
башчысынын 2022-ж. 6 айлык отчету»

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын Беловодск айыл өкмөтүнүн 6 ай аралыгында аткарган иши жөнүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор маалыматын угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысынын Беловодск айыл өкмөтүнүн 2022-жылыдн 6 ай аралыгындагы аткарган иши жөнүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен отчету эске алынсын.
/Отчет тиркелет/

1. Жооптуу катчы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбеков Б.Ж.жүктѳлсүн.


Төрайым А. Иманкулова


Тиркеме:

Беловодский айыл өкмөтүнүн 6 ай ичиндеги киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалымат.
6 айга бекитилген план менен 2022-жылы Беловодский айыл өкмөтүндө салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы 23717,0 миң сом болсо, факты боюнча 31749,0 миң сом түшкөн, бул 133,9% түзөт.
Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык – бекитилген план менен – 333,6мин сом, факты боюнча 2082,9 миң сом түшкөн, бул 624,4% түзөт.
Милдеттүү патент салыгы – бекитилген план боюнча 864,2мин сом, факт боюнча 81,8мин сом, бул 9,5% түзөт.
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык бекитилген план боюнча 4833,5мин сом, факт боюнча 2497,8мин сом , бул 51,7% түзөт.
Кыймылсыз мүлк салыгы 2-топ – бекитилген план боюнча 850,8мин сом, факт боюнча 1042,8мин сом , бул 122,6% түзөт.
Кыймылсыз мүлк салыгы 3-топ – бекитилген план боюнча 39мин сом, факт боюнча 15,4мин сом , бул 39,5% түзөт.
Юридикалык транспорт салыгы бекитилген план боюнча 137,5мин сом, факт боюнча 179,6мин сом , бул 130,6% түзөт.
Жеке жактардын транспорт каражаттарына салыгы бекитилген план боюнча 1264,0 мин сом, факт боюнча 897,8мин сом , бул 71,0% түзөт.
Короо жанындагы жана бакча-огород жер участкаларын пайдалануу үчүн жер салыгы боюнча план – 211,3мин сом, факт боюнча 311,2мин сом, бул 147,3% түзөт.
Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы боюнча план – 525,0мин сом, факт боюнча 119,4мин сом, бул 22,7% түзөт.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы боюнча план 2300мин сом, факт боюнча 2658,6,4мин сом, бул 115,6% түзөт.
Жогору квалификацияланбаган башка металлдар боюнча план 130,3мин сом, факт боюнча 930,9мин сом, бул 714,4% түзөт.
Жер алдындагы башка суулар боюнча план 459,5мин сом, факт боюнча 130,4мин сом, бул 28,4% түзөт.
Жер казынасын пайдалануу укугуна лизензияларды кармагандыгы үчүн акы боюнча план 33,7мин сом, факт боюнча 548,3мин сом, бул 1627,0% түзөт.
Жайыттарды ижарасы үчүн акы боюнча план 176,2мин сом, факт боюнча 144,7мин сом, бул 82,1% түзөт.
Жерлерди кайра бөлүштүрүүчү фонддун жерлеринин ижара акысы боюнча план 1035мин сом, факт боюнча 1025,4мин сом, бул 99,1% түзөт.
Муницыпалдык менчикте турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү акысы боюнча план 5,9мин сом, факт боюнча 30мин сом, бул 508,5% түзөт.
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн акы боюнча план 55мин сом, факт боюнча 98,5мин сом, бул 179,1% түзөт.
Калктуу конуштардагы жерлердин ижарасы үчүн акы боюнча 241,8мин сом түшкөн.
Жалпысынан 6 айда 36971,5 миң сом бекитилген пландын ордуна иш жүзүндө 47771,5 миң сом салык түшкөн, бул 129,2% түзөт. Киреше бөлүгүн алуу боюнча ашыра орундатуу 10800 мин сомду түздү.
Балтыркыга салыштырмалуу 6 айда- киреше салыгы 85164,0 миң сомго көбөйгөн:
-патенттик салык- 2595,6 миң сом
-жер салыгы НСН- 948,9 миң сом
- башка металл эместер- 582,4 миң сом
-укукка лицензияны сактоо үчүн төлөм- 515,6 миң сом
- таштанды чыгаруу акысы- 44,1 миң сом
- калктуу конуштардагы жерлерди ижарага алуу үчүн төлөм-222,1 миң сом

Беловодск айыл ѳкмѳтүнүн 6 ай аралыгындагы чыгаша бѳлүгүнүн аткарылышы боюнча маалымат:
2022- жылга айыл ѳкмѳттүн бюджети 38 496,7 миӊ сомду түздү, анын ичинде 1 525,2 м.с. атайын счет. 6 айдын планы 50 589,7 миӊ сомду түзгѳн жана аткарылышы 131,4 %

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар боюнча бѳлүмү тѳмѳнкүчѳ
каржыланды:
- эмгек акы боюнча -3474,4 миӊ сом, социалдык фондго тѳгүмдѳр- 527,2 миӊ сом, айылдык кеӊештин тѳрайымына жана жооптуу катчынын эмгек акысына жана социалдык фондго – 278,9 миӊ сом, кызматтык кыдырууларга чыгашалар – 16,0миӊ сом, байланыш кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ - 43,2 миӊ сом, транспорттук кызмат кѳрсѳтүүгѳ - 185,5 миӊ сом,башка кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ жана сатып алууларга - 725,9 миӊ сом, резервдик фондусуна – 431,2 миӊ сом ,эмерек сатып алууга – 300,0 миң сом капиталдык ремонтко -422,0 миң сом, баардыгы 6 137,8 миӊ сомду түздү.
Коммуналдык кызмат кѳрсѳтүү («Таза айыл» МИ) бѳлүмү боюнча - 8757,2 миӊ сом өлчөмүндө каржыланды
Жайыт комитети бѳлүмү боюнча - 63,0 миӊ сом каржыланды.
6 айлык план - 176,2 миӊ сомду түзсѳ, 6 ай аралыгында – 144,7 миӊ сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине жайыт колдоонуучулардан түштү.
Турак - жай жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр бѳлүмү боюнча - 6547,1 миӊ сом каржыланды. 4910,0 миӊ сом ѳлчѳмүндө каражатына экскаватор атайын техникасы сатып алынды, азыркы учурда “Таза Айыл” муниципалдык иш канасына берилген.
- Суу түтүктөрүн алмаштыруу жана скважиналарды кошуу иштерине -729,8
Билим берүү бөлүмү боюнча 12247,9 миң сом өлчөмүндө каржылоо болду.
Байланыш кызматтарын көрсөтүүгө – 27,8 миң сом. Коммуналдык кызмат көрсөтүүгө - 6689,9 миң сом. Сууга акы төлөө – 186,0 миң сом. Электр энергиясына акы төлөө – 1262,0 миң сом. Жылуулук энергиясына акы төлөөгө – 6503,9 миң сом.
- Бала-бакчалардын ремонтун жүргүзүүгө-1000,0 миң сом,
- Бала –бакчалардын тамак-аш сатып алууга -2 243,3миң сом.

Инвестицияларды тартуу боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
Степаненко атындагы Беловодская 2-орто мектебинин фасадынын чатырын алмаштыруу жана сырткы дубалдарын акиташ менен сырдоо» айыл өкмөтүн кошо каржылоо жана дем берүүчү гранттын долбоорун ишке ашыруу 2930,5 миң сомго башталды. (а/о салымы 732,6 миң сом) 50%дан ашык аткарылган.
«Ленин көчөсүндөгү фонтанды реконструкциялоо» долбоору Москва райондук өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылып, тендер өткөрүлүп, жакынкы аралыкта 1790,0 миң сомдук долбоорду ишке ашыруу башталат.

Жашылдандыруу боюнча маалымат:
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын жана Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулуктун жылынын алкагында 12-марттан тарта «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын баштады. «Таза-Айыл» МИнин жашыл аянтчаларынын санын көбөйтүү жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында жалбырактуу дарактар, ийне жалбырактуу дарактар, бадалдардын көчөттөрү, тосмолор, бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулуп, газондор чабылды. Кош-Дөбө айылынын түштүк тарабында жайгашкан 0,8 га аянтындагы жер тилкесине 850 көчөт отургузду. Ленин көчөсүндө жайгашкан райондук оорукананын аймагында 150 көчөт отургузуу боюнча иш-чара уюштурду.
Айыл тургундары жаз айларында өз менчигине бекитилген жер тилкелерине 1200 даана (терек), 910 даана (мөмө жемиш: алма, алмурут, өрүк, жаңгак, кара өрүк, шабдалы ж.б.) бактарын отургузушту. Жалпы саны: 3112
Москва районунун бөлүштүрүү зонасына жакын Колхозная көчөсүндөгү аялдама оңдолуп бүттү.
Беловодское айылынын борбордук аянтындагы В.И.Лениндин эстелиги оңдолуп, туулар менен кооздолду.
«Таза Айыл» муниципалдык ишканасы Калинин көчөсүнө балдар аянтчасын орнотту (көп кабаттуу үйлөр).
Ленин көчөсүнө бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду, жапайы чөптөр чабылды, бадалдар кыркылды, мамлекеттик администрациянын жанына, сейил багына гүлдөр отургузулду ж.б.Чачылган таштандылар да күн сайын тазаланып турат.
Аялдама аянтчасы орнотулуп, Ленин көчөсүн бойлой жол кеңейтилди.
«Водоканал» ишканасы суу жана канализация тармактарынын тышкы жана авариялык участокторун алмаштырат, канализация да тазаланат, суу жана канализациялык кудуктар тазаланат. Беловодское айылынын Крупская көчөсүнө көпүрөнү кеңейтүү үчүн түтүктөр орнотулду. Бөкөмбаев, Луначарский ж.б көчөлөрдүн боюндагы суу түтүктөрүн жаңысына алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Айыл чарба бѳлүмү боюнча: Сугат тармактарын сапаттуу, өз убагында тазалоо жана башка жумуштарды аткаруу үчүн экскаватор алынды. «Таза-Айыл» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сугат иштерин уюштуруу үчүн кол менен жана механикалаштырылган таза сугат тармактарын.
Бардык сугат тармактарынын жалпы узундугу Беловодский а.а. 36,6 км., анын ичинен 31,5 км.тазаланды
Айыл аймагы боюнча чарбалык жерлердин жалпы аянты – 4332,0 га түзөт, анын ичинен – 3351,0 га сугат, 981,0 га – кайрак жерлери. Көп жылдык өсүмдүктөр – 40 га аянтты түзөт.

Аскерке каттоо столу бөлүмү боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
Москва райондук аскердик комиссариатынын бөлүштүрүү наряды боюнча аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакыруу 2022- жылга толук аткарылды:
- Аскердик кызматка -23 аскерге милдеттүү чакырылды;
- Альтернативдик кызматка -50 аскерге милдеттүү чакырылды.
Айыл аймак боюнча окутууга 370 аскерге чакыруучу туура келген, алардын ичинен келгени-273 бала. 6 айдын ичинде аскердик каттого 103 аскерге милдеттүүлөр катталды, 32 адам учеттон чыгарылды, 3 офицер кабыл алынды, 3 адам учеттон чыгарылды. Бекитилген график боюнча аскердик каттоодо турбаган жана аскердик документтери жок жактарды аныктоо боюнча кароо кыдыруу иштери жүргүзүлдү. 6 айдын ичинде 45 адам аныкталды.
2022-жылдын 02-июнуна баштап 06-июнга чейин, Москва райондук аскердик комиссариатынын астында тактикалык -катардык машыгуу окуулары жүргүзүлдү.
Айыл өкмөтүндө жарандардын арыздарын жана иш кагаздарын аткаруу максатында 2022-жылдын 6 айдын ичинде жарандардан 577 арыз келип түштү, бардык түшкөн арыздар белгиленген мөөнөттө каралып, бардыгына жооптор берилди. Жогору турган органдардан жана уюмдардан, ишканалардан 670 расмий иш кагаздар түштү, бардык иш кагаздар боюнча тийиштүү буюрмалар жана аларды жүзөгө ашыруу чаралары көрүлгөн.
Айыл өкмөтүндө автоматташтырылган “Е-Кызмат”, “Инфодокс”, “Санарип аймак” программалары менен толук иштер жүргүзүлүүдө. “Санарип аймак” программасына 6436 чарба жана 22106 адам киргизилген.
“Санип Аймак” аркылуу жарандарга жашаган жери, үй-бүлөлүк курамы, жөлөкпул алууга, насыя алуу үчүн маалымкаттар берилет. Бардыгы жарандарга 4800 дон ашык маалымкат берилди.
“Е-Кызмат” автоматташтырылган системасына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тууралуу маалыматтар киргизилген.
2022-жылдын январь айынан баштап “Инфодокс” программасы киргизилген. Программа боюнча 2285 кириш документ, 1395 чыгыш документ катталган. belovodskoe.kg сайтынын иши оптималдаштырылган, «Айыл өкмөтү менен 24 саат бою маалымат байланыш борбору» уюштурулган, электрондук почта да иштейт, Facebook жана Instagram социалдык тармактарында айыл өкмөттүн расмий баракчалары иштейт. Күн сайын жаңыланып турат. Мунун баары тургундарга муниципалдык кызматтарды тынымсыз аралыктан алууга, арыздарды калтырууга жана керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эми “Таза-Айыл” МИ коммуналдык кызматтарына таштанды чыгаруу жана ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн терминал аркылуу төлөсө болот.
Социалдык коргоо багыты 502,4 миң сом акча каражаты каржыланды.
-15-февраль Ооган демократиялык республикасынан советтик аскеринин чыгарып кетүү күнүнө карата - 81,0 сом бөлүнүп берилди.
-2010 –жылындагы Апрель Элдик революциясынын катышуучуларына 15,0 миң сом бөлүндү.
-Чернобыль АЭСтин 36-чы жылдыгына карата 8 катышуучусуна жана 7 жесирлерине 2,0 миң сомдон 30,0 сом акча каражаты бөлүндү.
-Энелер күнүнө карата 50,0 миң сом бөлүндү.
-Эл аралык айымдар күнүнө карата 30,0 миң сом бөлүндү.
-155 жылдыктын урматына демөөрчүлүктүн эсебинен борбордук сейил бакка жаңы инсталляция орнотулду. Майрамдык концерт уюштурулду. «Түшүм» стадионунда футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Турнирге Москва районунун бардык аймактарынан келген 14 команда катышты. Айыл аймактын ардактуу атуулдары юбилейлик медалдар менен сыйланышып, майрамдык сый тамак да уюштурулду.
Айыл аймактын тургундарынын демилгелерин колдоо максатында «Мыкты короо», «Мыкты кварталдык комитет», «Мыкты көчө» кароо-сынактары жарыяланып, жеңүүчүлөргө грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Айыл аймактын эң кичинекей тургундары үчүн балдар аниматорлорунун шоусу чакырылган.
-Улуу Ата-Мекендик согушунун 77 жылдыгына карата 8 жесирлерине 40,0 миң сом, 2 тыл эмгекчилерине 10,0 миң сом, баардыгы 50,0 миң сом акча каражаты бөлүндү.
-1- июнь балдарды коргоо күнүнө 72,0 миң сом бөлүндү. Анын ичинен 20,0 миң сом айыл аймагындагы эки интернат балдар үйүнө, 52,0 миң сом 104 майып балага бөлүнүп берилди.
- Оор турмуштук абалдагы адамдарга кымбат операцияларга жана дарыланууга материалдык жардам катары 165,0 миң сом бөлүндү;
- Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата 20,0сом бөлүндү;
- Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө материалдык жардам катары 7,0 миң сом бөлүндү;
- Курман айт майрамынын урматына «Дан Агро Продукт» ЖЧКсынан 35 аз-камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчасы таратылды.
Араб Эмиратынан 30 үй-бүлөгө 60 кг курма таратылды.

Акысыз негиздеги инвестициялык долбоорлор:
-Жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Октябрь көчөсүн бойлой жасалма жол тосмолорун " ылдамдыкты азайтуучу бөлүктөрдү" уюштуруу иштери жүргүзүлдү.
-Москва районунун аймактык ооруканасынын жанында, Төрөт үйүнүн жанындагы аймак көрктөндүрүлүп, 0,1га жерге сквер уюштурулуп, жергиликтүү тургундардын эс алуусу үчүн декоративдик отургучтар орнотулду. Дарактар отургузулган
-Ленин көчөсүнүн боюндагы аялдамаларды, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, аялдама уюштурулуп, сейил бактын жанындагы Ленин көчөсүн бойлой жолдун бөлүгү кеңейтилди.

Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px