ТОКТОМ № 26
01.10.2021-ж. Беловодское а.
«Беловодск айылдык аймагынын
муниципалдык сейил бактар, скверлер, бакчалар бульварлар тууралуу
жобону бекитүү жөнүндө»
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 31-беренелерине ылайык, ошондой эле жашыл чөйрөнү сактоо жана өнүктүрүү, айыл аймагынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында айылдык кеңештин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл аймагынын муниципалдык сейил бактары, скверлери, бакчалары, бульварлары жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова