ТОКТОМ № 46
17.12.2021-ж. Беловодское а.
«Беловодск айылдык аймагынын
гараждардын астындагы жер тилкелерин
ижарага берүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө»
Беловодск айыл аймагынын аймагындагы учурдагы гараждар астындагы жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жобону бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл аймагында гараждар астындагы жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жобо бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Төрайым А. Иманкулова