Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
16 мар 2022

ТОКТОМ № 9

ТОКТОМ № 9

30.07.2021-ж. Беловодск а.

«Өспүрүм балдардын спорттук мектебинин
комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн
балансына кабыл алуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылындагы 7-июнь № 3-4/933 Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Москва райондук өспүрүм балдардын спорттук мектебин (мындан ары-ӨБСМ) кабыл алуу жөнүндө катын жана жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодск айыл өкмөтүнүн балансына Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Москва райондук өспүрүм балдардын спорттук мектебинин комплексин (мындан ары - ӨБСМ) жанаша жаткан аймагы менен, имараттары жана курулуштары менен кошо, тейлөөчү кызматкерлер жок (техникалык кенже тейлөө кызматкерлери жана тренер курамы) жана ошондой эле дебитордук жана кредитордук карыздары жок кабыл алуу жөнүндө суроосун Кыргыз Республикасынын жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте кароого макулдук берилсин.
2. Жанаша жаткан аймагы менен, имараттары жана курулуштары менен кошо ӨБСМ комплексин Беловодск айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги деп табылсын.
3. Жанаша жаткан аймагы менен, имараттары жана курулуштары менен кошо ӨБСМ комплексин алгачкы максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
4. Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылындагы 8-октябрь № 608 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик менчиктин объектилерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык иш-чарасын алып барсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж Алыбековго жүктөлсүн
Төрайым А. Иманкулова
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px