Токтом № 129
17.09.2020-ж. Беловодское а.
“Жер участогунун багытын
өзгөртүү жөнүндө”
Лебуза Рахима Лемзаровна жар. 2020 жылдын 06.02. арызын угуп жана талкуулап жана арызга тиркелген Беловодское а. Ленина көч. 47 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багытын өзгөртүү боюнча материалдарды (техникалык корутунду, эскиз проекти, кошуналардын макулдугу жана комиссиянын акт-корутундусу) окуп
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. Жетекчиликке алып айылдык кеңеш-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодское а. Ленина көч.№ 47 дареги боюнча жайгашкан жер участогунун багыты жеке участоктон кафе куруу үчүн коммерциялык конуштун жерлерине өзгөртүлсүн.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.
Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.