Токтом №114
05.02.2020-ж. Беловодское а.
“Калктуу конуштун жана
айыл чарбалык эмес багыттагы
жерлерди, ошондой эле Беловодское а.
жана Кош-Дөбө а. 2020-жылга
жеке үлүш жерлерин пайдалануунун
зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339 бер. 4 п. ылайык зоналык коэффициент жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштардын экономикалык пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жылына 3/үч/ бир жолу 0,3төн 1,2ге чейин белгиленет,Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодское а. боюнча -1.2, Кош-Дөбө а. боюнча -1.0 2022 жылдын 01.01. чейин калктуу пункттун жана айыл чарба эмес жерлерин колдонууга (К-3) зоналык коэффициенти бекитилсин.
2. Беловодское а. боюнча -1.2, Кош-Дөбө а. боюнча -1.0 2022 жылдын 01.01. чейин жеке жана бакча участокторунун жерлери үчүн (К-3) зоналык коэффициенти бекитилсин.
3. Ломоносова көч. жайгашкан (бир күндүк) Жекшемби базары үчүн-0.4 (К-3) зоналык коэффициенти бекитилсин.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик актыларына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.
Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.