Токтом № 101
2019 жылдын 05 ноябры Беловодское а.
«2019 жылдын 9 айынын
жыйынтыгы боюнча бюджеттин
киреше жана чыгаша бөлүгүн
көбөйтүү жөнүндө»
2019 жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн -1907 миң сомго көбөйтүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап жана Беловодский айылдык кеңешинин 2019 жылдын 21.10. бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердүүлүкжана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү сатуу салыгы боюнча -957,6 миң сом суммада көбөйтүлсүн.
2. Жогорудагыларга ылайык айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү кийинки бөлүктөргө жана беренелерге көбөйтүлсүн:
- 22154900 бер. “КПП” 70624 бөлүгү боюнча -700,0 миң сом суммада балдар аянтчаларын оңдоого;
“Башка кызматтар” 22154900 бер. “Маданият боюнча башка иш-чаралар” 70825 бөлүгү боюнча-256,7 миң сом суммада жаңы жылдык курулуштарды курууга.
3. Жооптуу катчы бул токтомду каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.
Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.