Токтом № 84
2019 жылдын 22 январы Беловодское а.
«НОВЫЙ ФОРМАТ жаштар борбору
КБ жаштар үйүнүн имаратын 1 жылга
ижара төлөму менен ижарага берүү жөнүндө»
НОВЫЙ ФОРМАТ жаштар борбору КБ жаштар үйүнүн имаратын 1 жылга ижара төлөму менен ижарага берүү жөнүндө суроону угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жаштар үйүнүн имаратын НОВЫЙ ФОРМАТ жаштар борбору КБ 1 жылга бир айда 1000-00 сом ижара төлөмү менен ижарага берилсин.
2. Беловодский айыл өкмөтүнүн юрист башкы адиси жана салыктар боюнча жетектөөчү адиси “НОВЫЙ ФОРМАТ жаштар борбору” КБ менен ижара келишимин түзүшсүн.
3. Жооптуу катчы бул токтомду каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча жетектөөчү адиси М. Урмамбетовага жүктөлсүн.
Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.