Сайт села беловодского

Регистрация | Забыли пароль?
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
18 дек 2019

Токтом № 77

Токтом № 77

2019 жылдын 22 январы Беловодское а.


“2018 жылга бюджеттин аткарылышы
жана Беловодский а/ө 2019 жылга бюджеттин
бекитилиши жөнүндө жана 2020-2022 жж.
божомолу”

Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж. Ешалиевдин 2018 жылга отчетун жана 2019 жылга бюджетти бекитүүнү угуп жана талкуулап, Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Беловодский айыл өкмөтүнүн 2018 жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин:
- кирешелер боюнча -60814, 6 миң сом суммада, чыгашалар боюнча -62390,9 миң сом суммада.
2. Беловодский айыл өкмөтү берген 2019 жылга бюджети бекитилсин. Кирешелер боюнча -71330,2 миң сом суммада, чыгашалар боюнча 71330,3 миң сом суммада.
3. Беловодский айыл өкмөтүнүн 2019 жылынын бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча кирешелердин эсебинен калыптанаарын аныктоо. №1 тиркемеге ылайык.
4. Беловодский айыл өкмөтүнүн 2019 жылынын атайын каражаттар боюнча киреше бөлүгү булактар боюнча кирешелердин эсебинен калыптанаарын аныктоо. №2 тиркемеге ылайык.
5. Беловодский а/ө бюджетинен чыгашаларды каржылоого 2019 жылга каражаттар бекитилсин. Атайын каражаттардан каржылоо №4 тиркемеге ылайык.
6. Бюджет боюнча 2020 жылга кирешелер жана чыгашалар божомолун сунуштоо-76019,9 миң сом суммада, 2021 жылга -80051,9 миң сом суммада, 2021 жылга -80051,9 миң сом суммада.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 11 бер. ылайык кайтарым акча каражаттарынын калдыгы-300,0 миң сом суммада берилсин.


8. Беловодский а/ө 2019 жылга -71330,2 миң сом суммада чыгашаларды каржылоо коюлсун, бул учурда биринчи иретте корголуучу беренелер боюнча (айлык акы, соц. фонд, тамак-аш, дары-дармектер, социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр).
9. Беловодский айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык ырааттамасы 29 киши санында 2019 жылга бекитилсин.
10. Беловодский а/ө бюджетинен каржыланган бюджеттик мекемелер 2019 жылга чыгашалар сметасын берүүсү милдеттендирилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109 бер. 1 п. ылайык Беловодский а/ө 2019 жылы укук берилсин:
- чыгымдардын экономикалык жашыруун буюмдардын ортосунда жалпы мамлекеттик бюджет каражаттары ичинде кайра бөлүштүрүү каражаттар.
12. Мемекмеклердин учурдагы оңдоо иштерин өткөрүү:
- “Бакыт” бала бакчасы- жылытуу системасынын капиталдык оңдоосуна-1386,8 м.с. - “Колокольчик” бала бакчасы- кир жуучу жайдын капиталдык оңдоо-450,0 м.с. - “Колокольчик” бала бакчасы –терезелерди алмаштыруу 2 этажда -260,0 м.с.
- “Ласточка” бала бакчасы- элек. системасын капиталдык оңдоо-250,0 м.с.
- “Светлячок” бала бакчасы-эл. радиаторлорун алмаштыруу-119,0 миң сом - Сыйданова а. БОМ- спорттук аянтты оңдоо -500,0 миң сом
- БОМ №3 төшөлгөн ташты төшөө-145,0 м.с.
- А.Сыдыкова а. ОМ –тамак-аш блогун оңдоо-47,0 миң сом
- ПОМ дааратканасын куруу-400,0 миң сом (8-тешиктүү)
- ПОМ жаңы мектепти жасалгалоо-200,0 миң сом
- Жаштар үйүн оңдоо-700, 0 миң сом
- Клубга музыкалык аппаратура сатып алуу-317,0 миң сом
Пушкина ,Степаненко, Восточная, Ломоносова,Урожайная,Железнодорожная,Калинина көч. христ. көрүстөнүнүн жолун оңдоо-3000, 0 миң сом,балдар аянтчасын куруу-190,0 м.с.
- Тосмолорду оңдоо жана коюу жана балдар аянтчаларын жарыктандыруу-330, 0 миң сом
- Шевченко, Калинина,Ленина көч. көп кабаттуу үйлөрүнүн короолорун жарыктандыруу-700, 0 миң сом
- Суу түтүк тармагын капиталдык оңдоо -3150, 0 миң сом
- таштанды контейнерлерди сатып алуу-350, 0 миң сом
- Беловодское а. жана Кош-Дөбө а. боюнча дренажды тазалоо-1200,0 миң сом
- жолдорду асфальттоо- 5000, 0 миң сом
- көчөлөрдү гравийлөө- 1000, 0 миң сом
- айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоо – 500, 0 миң сом
- Кош- Дөбө а. клубунун сахнасын жасалгалоо-150, 0 м.с.
- Сыйданова а. мектебинин башталгыч корпусунун төшөлгөн ташты төшөө-256,0 м.с.
- Сыйданова а. мектебине интерактивдүү доска сатып алуу-105, 0 миң сом
- БОМ №3 мектебине муздаткыч сатып алуу-50, 0 миң сом
- А.Сыдыкова а. мектепке проектор сатып алуу-35,0 миң сом
- б/бакчаларга башка эмеректерди сатып алуу-450, 0миң сом
- б/бакчаларга башка жабдууларды сатып алуу-450, 0миң сом
- “Светлячок” б/ бакчасына комп. жабдууларды сатып алуу-35,0 миң сом
- аппаратка компьютердик жабдууларды сатып алуу-100, 0 миң сом
- аппартка башка эмерек сатып алуу-35, 0 миң сом
- б/бакчаларды оңдоо иштерин өткөрүү- 840, 0 миң сом
- көчөлөрдүн көрсөткүчтөрүн жана сандарын орнотуу, жөө жүрүүчү өтмөктөр-35, 0 миң сом
- БОМ №2 стимулдаштырылган грант боюнча каржылоо-1350, 0 миң сом
- сейил бакка жана аянтка камераларды сатып алуу-170, 0 миң сом
13. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык билим берүү кызматкерлерине жана мектепке чейинки мекемелеринин тарбиялоочуларынын коммуналдык кызматтарына төлөм төлөп берүү-440, 0 м.с. суммада
14. “Жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” мыйзамынын 31 бер. 10 п. ылайык коллективдик келишимге ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине социалдык төлөмдөрдү , коммуналдык кызматтарды төлөп берүү.
15. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамадминистрация жөнүндө” Мыйзамынын 33 бер. 5 п. ылайык айылдык кеңештин төрагасы бир жолку компенсация каралсын.
16. Зарылдыкка байланыштуу “куруу” же “кайра куруу” обьекттерин оңдоо учурунда техникалык көзөмөлдү ишке ашыруу боюнча техникалык көзөмөл кызматын берүү зарылдыгына байланыштуу.
17. Контракт боюнча юристтин келишимин түзүүнү бекитилсин-10,0 миң сом суммада салыктарды эсептөө менен.
18. Зарылдыкка байланыштуу жагуучунун 1 штаттык бирдиги жана айлык акысы бекитилсин- 2900 сом суммада бир айда салыктарды эсептөө менен.
19. Зарылдыкка байланыштуу техничканын 1 штаттык бирдиги, Кош-Дөбө клубунун жетек., айлык акысы штаттык ырааттамага ылайык, кароолчулардын 2 штаттык бирдиги жана “Дом молодежи” клубунун жетек.1 штаттык бирдиги бекитилсин.
20. Сметалык документациянын аткаруучусуна түзүү текшерүү кызматтарын түзүүсүнө түзүлгөн сметалардан 1 % өлчөмүндө төлөмдөр төлөнүп берилсин.
21. Чарбалык китептерде жазууларды тактоо үчүн малды, үй канаттууларды кайра эсептөө үчүн бир үйгө 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.
22. Аппараттын кызматкерлерин окутууга (мам. Сатып алуу ж.б.) каражаттар каралсын
23. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик актыларына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
24. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. К.Ж. Ешалиевге жүктөлсүн.




Беловодский
айылдык кеңешинин төрагасы Конушбаев Т.А.
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Полезные статьи по строительству и ремонту на сайте bv-ryazan.ru о том как постороить дом своими руками,
источник: montazhnik02.ru. Всё самое интересное для родителей вы найдёте на сайтах moskovskie-roditeli.ru и www.kurskie-roditeli.ru
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 10 дней со дня публикации.

Dеsign DIS
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px
  • count 88x31px