2018 жыл 19 март № 58
«Беловодский айылдык аймагында дин боюнча коомдук комитетинин Жобосун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында дин эркиндиги жана дин уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 1 бер.2 п.талаптарына ылайык Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодский айылдык аймагында дин боюнча коомдук комитетинин Жобосу бекитилсин.(Жобо тиркелет)
2. Жооптуу катчы токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик укуктук ченемдик актыларынын реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Беловодский айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т. Конушбаев