2018 жыл 19 март № 57
«Беловодский айылдык аймагы боюнча аксакалдар сотунун сапаттуу курамын бекитүү жөнүндө»
«Беловодский айылдык аймагы боюнча аксакалдар сотунун сапаттуу курамын бекитүү жөнүндө» айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодский айылдык аймагы боюнча аксакалдар сотунун сапаттуу курамы бекитилсин (Аксакалдар сотунун сапаттуу курамы тиркелет).
2. Жооптуу катчы токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик укуктук ченемдик актыларынын реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Беловодский айылдык
Кеңешинин төрагасы: Т. Конушбаев