2017 жылдын бештин айынын 01 № 43
«Беловодский айыл өкмөтүнө жарды үй-бүлөлөргө
отун бөлүп берүүгө макулдугун берүү жөнүндө»
Бишке-Кара-Балта унаа жолун кайрадан курууга байланыштуу 125 бирдик санында 150- 1200 мм диаметриндеги бак дарактар кыйылгандыгы жөнүндө суроону угуп жана талкуулап жана жаштар, спорт, маданият жана социалдык суроолор боюнча комиссиянын 2017 жылынын 22.11.корутундусунун негизинде Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Жарандардын тизмелерине жана арыздарына ылайык Беловодский айыл өкмөтүнүн жарды үй-бүлөлөрүнө 0,4 м 3 отун бөлүп берүүгө макулдугу берилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
6. Берилген токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн ТЖЧ жана ӨК боюнча жетектөөчү адисине жүктөлсүн.
Беловодский айылдык кеңештин
төрагасы: Т.Конушбаев.