2017 жылдын аяк оона айынын 29 № 32
«Ассигнованиялардын жылышы жөнүндө»
Ассигнованиялардын жылышы жөнүндө суроону угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Зарылдыкка байланыштуу ассигнованиялар кийинки бөлүктөргө жана беренелерге жылдырылсын:
- “Орто мектептер” 70921 бөлүгү боюнча “Башка эмерек жана жабдууларды сатып алуу” 31123290 беренесинен -76,0 миң сом суммада “Капиталдык оңдоо иштери” 31112320 беренесинен 160,7 миң сом суммада “Социалдык коргоо кызматтары” 71093 бөлүгүнө “Калкка жеңилдиктер” 27213100 беренесине.
- “Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары” 70111 болүгү боюнча “Оңдоо иштери” 22211100 беренесинен-90,0 миң сом суммада “Социалдык коргоо кызматтары” 71093 бөлүгүнө “Калкка жеңилдиктер” 27213100 беренесине. Бардык ассигнованиялар -326,7 миң сомго жылдырылсын.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Беловодский айылдык кеңештин
төрагасы: Т.Конушбаев