“Беловодское а. ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө”
Москва Райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысы Т.М. Иманкуловго жана Кош-Дөбө а. айыл башчысы Д.Осумкуловго “Беловодское а. ардактуу атуулу” наамын берүү жаштар саясаты, спорт, маданият жана социалдык суроолор боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва Райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысы Т.М. Иманкуловго жана Кош-Дөбө а. айыл башчысы Д.Осумкуловго жергиликтүү коомчулуктун коомдук-социалдык жана маданий-экономикалык жашоосунда өзгөчө сиңирген эмегектери үчүн “Беловодское а. ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
Беловодский айылдык кеңештин
төрагасы: Т.Конушбаев.